Парламентте айрым чек ара аймагындагы айылдарды өзгөчө статус берилген тизмекке киргизүү демилгеси көтөрүлдү

Бүгүн, 25-майда парламентте айрым чек ара аймагындагы айылдарды өзгөчө статус берилген тизмекке киргизүү демилгеси көтөрүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Жумагүл Эгембердиева билдиргендей, өзгөчө статус берилген айылдарга социалдык объекттерди куруу, элге социалдык кепилдик берүү каралган. Ошондой эле жеңилдетилген насыя берүү, мугалимдерди, дарыгерлерди ошол жакка тартуу боюнча программада бар экенин кошумчалады.

“Буга чейин өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмеги бекитилген. Бирок кайрылууларды эске алуу менен, аларды тизмеге кошуу үчүн кошумча критерийлерди иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болгон. Негизинен 3 критерий белгиленди. Алар айылдын социалдык-экономикалык жактан начардыгы, айылдын жайгашкан шартынын катаалдыгы, улуттук коопсуздук жаатындагы абалы”, - деди ал.

Мындан тышкары ал 2011-жылы түзүлгөн тизмеге 59 айыл, 10 участка киргизилгенин айтты. Ага республикалык бюджеттен 1 миллиард сом, жергиликтүү бюджеттен 350 миллион сом өлчөмүндө каражат берилген.

“Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан