Жогорку Кеңеш фракциядан чыгып кеткен депутатты мандаттан ажыратууга багытталган жобону четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда парламенттин жыйынында белгилүү болду.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова жобо Конституцияга каршы келе турганын айтты. Ошондой эле ар бир фракция ичиндеги иштерин уюштурууда чечимди өздөрү чыгарууга укуктуу экенин белгиледи.
Жыйынтыгында бул жобо добушка коюлуп, 70 депутат “каршы” деп добуш берди.