"Бишкек-"Манас аэропорту жолунун жээгиндеги тосмо дубалдар туура эмес орнотулган" дейт жол тейлөө кызматкери

Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда тосмо дубалдар туура эмес орнотулганын SUPER.KG'ге аталган жолду тейлөөчү ишканасынын кызматкери Амалбек Жолдошов билдирди.

"Катуу шамал болгон сайын тосмо дубалдын астынан жолго кумду үйүп, бизге түйшүк жаратууда. Буга чейин дубал жокто кумдар жолго чейин чачылчу эмес. Күндө эртең менен шыпырып тазалап кетебиз, кайра эле эртеси шамал жолго кумду үйүп салып жатат. Кышкысын дубалдын көлөкөсүнөн кар эрибей, жолго муз тоңуп айдоочуларга да кооптуу абал жаратууда", - дейт Жолдошов.

Эскерте кетсек, Бишкек-"Манас" аэропорту жолуна былтыр төшөлгөн асфальттан 40тан ашык жаракалар пайда болгон.

"Манас" аэропортуна бараткан жолдун боюндагы тосмолор туура эмес курулган", - дейт жол тейлөө кызматкери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jonne
2017-05-26 13:42:57
Бай бай Жээнбеков келет деп эле жолдорду сапатсыз жасап салгандай корунот. Жээнбековтон эмес кудайдан корсок жакшы болмок жолдорубуз онолмок
+1
rysik79
2017-05-26 13:49:16
Амалбек байкебиз тосмо дубалды орнотуп жатканда кайда эле ошону да айтып койбоптур дааа
-1
scorp
2017-05-26 14:46:59
бул дегени эми чет олкодон келген делигацияндан жашырып жатат да кыргыз эли кандай кыйналып жашап жатканын
0
scorp
2017-05-26 14:48:05
scorp,Дубал менен тосуп койсон эле элибиз кыйналып жашаганын жашыра алышбайт
0
Ulan2601
2017-05-26 18:56:58
Ал жерден участок берип туура эмес кылган эми милиондогон акчаларга тосмо тостуруп журо берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан