1761-жылы 26-майда Михаил Ломоносов Венерада атмосфера бар экендигин аныктаган. Кийин окумуштуулар Венеранын атмосферасы негизинен кош кычкылдуу көмүртек, бир аз сандагы азот, аргон, кычкылтек жана башка газдардан турарын далилдешкен.
Ломоносов 1711-жылы 19-ноябрда туулган. Ал дүйнөгө улуу окумуштуу, жазуучу, акын, химик, физик, тарыхчы катары таанымал. 1765-жылы 54 жашында каза болгон.
26-майга карата жылнаама.