Өлкө боюнча ВИЧ илдетин жуктургандардын саны 6974 адамды түзөт

Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарында Республикалык СПИД борбору Бириккен улуттар уюмунун СПИДге каршы долбоорунун алкагында ВИЧ инфекциясынан каза болгондорду эскерүү иретинде "Сен жалгыз эмессиң" кечесин өткөрдү.

"Азыркы күндө өлкөдө ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 6974 адам расмий каттоодо турат. Булардын көпчүлүгү Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында жашайт. Илдеттин жайылып кетишинин алдын алуу максатта мамлекеттик программа иштелип жатат. Оору биздин өлкөгө чет мамлекеттерден келген мигранттардан таркап кетүү коркунучун алдын алуубуз керек. Бирок азырынча бул боюнча фактылар жок", - дейт СПИД борборунун директору Улан Кадырбеков.

Иш-чарага катышкандар үчүн концерттик программа тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2017-05-26 20:57:28
Кудай сактасын, таза жүрүш керек адамдар.
+4
butun.kg
2017-05-26 22:45:20
Проводя обсуждение проблемы, В. Покровский утверждает, что типичным путем заражения женщин выступает половой акт. Дело в том, что СПИД в России зафиксирован у более 2% мужского населения возрастом от 23 до 40 лет. Из них: с употреблением наркотиков – около 53 %; половым контактом – около 43%; гомосексуальные связи – около 1,5%; дети, родившиеся от матерей с ВИЧ-инфекцией, - 2,5 %.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан