Бишкекте 27-29-майларда Москвалык жана Бүткүл орусиялык патриарх Кириллдин келишине байланыштуу, айрым көчөлөргө жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынан кабарлашты.
Унаалар үчүн чектөө төмөнкү көчөлөрдө болот:
- "Манас" аэропортунан Бишкек шаарына чейин;
- Фучик көчөсүнөн Жибек Жолуна чейин;
- Жибек Жолу Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
- Жаш Гвардия бульвары Жибек Жолунан Чүй кең көчөсүнө чейин;
- Чүй кең көчөсү Жаш Гвардиядан Манас көчөсүнө чейин;
- Манас жана Ч.Айтматов кең көчөсү Чүй көчөсүнөн резиденцияга чейин;
- Чүй көчөсү Манастан Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Т.Молдо көчөсү Чүй көчөсүнөн Ташкент көчөсүнө чейин;
- Киев көчөсү Манас көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Масалиев жана Токомбаев көчөлөрү Ч.Айтматов-Нуркамал көчөлөрүнүн аралыгы.
"Борбордун тургундарын жана конокторун бул абалды түшүнүү менен кабыл алып, каттамдын маршрутун алдын ала түзүп алууну суранабыз", - делет маалыматта.