Үстүбүздөгү жылдын 28-апрель күнү Майлуу-Суу шаарына караштуу Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш тилкесинде болжол менен 18 миң метр куб жер көчкү түшүп, Майлуу-Суу дарыясын бөгөп калган. Натыйжада ички чарбалык Кара-Жыгач-Сары-Бээ унаа жолу жабылып, Түштүк Кара-Жыгач айылындагы 37 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошол эле күнү атайын техникалардын жардамы менен кооптуу болгон дарыянын жээгин тосуу, бекемдөө жумуштары жүргүзүлгөн.
Шаардык Жарандык коргонуунун Көчүрүү комиссиясы тарабынан жалпысынан 23 үй-бүлө (159 адам) убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлүп анын ичинен 21 үй-бүлө Майлуу-Суу шаарындагы туугандарынын турак жайларына жана 2 үй-бүлө Майлуу-Суу шаарынын колледжине жайгаштырылган.
"1-майдан тарта Сары-Бээ аймактык башкармалыгында жашаган 550 кожолукка (3200 адам) убактылуу жөө адамдар өтүүчү 1,5 чакырым жол тоонун бооруна салынган. Ал эми 26-майдан баштап Кара-Жыгач-Сары-Бээ унаа жолун салуу максатында Таш-Көмүр шаарындагы №38-жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 даана самосвал, 2 даана экскаватор, 1 даана бульдозер тартылып, учурда жаңы жолду салуу жумуштары жүрүүдө", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.