Каражаттын тартыштыгынан улам 2 жыл мурун курулушу токтогон аянтча четинен бузулуп жатат

Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылында курулушу токтоп турган спорт аянтчасы урап, жок болуп кетүү коркунучунда турат.

Маалыматка ылайык, спорт аянтынын курулушу 2015-жылы айыл өкмөттүн жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен башталып, каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган. Андан бери 2 жылдай убакыт өтүп, күн өткөн сайын аянттын пайдубалы акырындан урап, орнотулган темирлер кулап калчудай абалга келди.

Эске салсак, буга чейин 2016-жылдын 14-июлунда Ат-Башы айыл аймагынын башчысы Азиз Маметов спорт аянтынын курулушуна 200 миң сом бөлүнгөнүн, жакын арада курулушу бүтөрүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
boris8907
2017-05-27 16:15:27
2 жүз жыл болгондой корүнөтго . Цементти аябай эле көбүрөөк кошуп жасашбайбы ушул кантип болсун
+6
Muslim_KGstana.
2017-05-27 16:19:57
Кайран акча ушуга кеткен
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-27 16:32:01
Кичине жешкен сементти аз кошуп анан биротоло баарын жеп салган го
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан