Бүгүн, 27-майда Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучу комитетинин мүчөсү Мирбек Шарабидинов SUPER.KG порталына кабарлады.
Маалыматка ылайык, ректорлукка 7 талапкер көрсөтүлгөн:
1. Асель Абакирова;
2. Гурас Жапаров;
3. Зарема Казанбаева;
4. Таалайбек Каракеев;
5. Канат Садыков;
6. Нур Саралаев;
7. Туратбек Суранаев.
"Шайлоо эртең менен саат 9:00дө башталган. Ректорду университеттин окутуучулары шайлап жатышат. Шайлоо саат 17:00дө аяктайт", - деди Шарабидинов.
Эскерте кетсек, 6-апрелде мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.