Бишкек-Москва багытындагы учак учпай калып, 153 жүргүнчү күтүп отурат

"Манас" аэропортунда 27-майда саат 19:40та ишке ашырылчу каттамдын учагы учпай калды. SUPER.KG порталы аэропортко жетип, кырдаалды тактады. Техникалык себептерден улам учпай калган Боинг учагы бүгүн саат 19:30да учары белгилүү болду.

"Аir Манас авиакомпаниясынын ZM 1027 каттамы учактын техникалык себептеринен улам учпай калды. БОИНГ 737-800 учагы 153 жүргүнчүнү отургузуп учуу тилкесине чыгып, учууга ылдамдык алып жатканда бир системи иштебей калып токтотулду. Биз антип-минтип жүргүнчүлөрдү учактан чыгарып, башка каттам менен жөнөтмөкчү болгонбуз. Бирок Москвадагы Жуковский аба майданы жабылып калгандыктан учак бүгүн саат 19:30да учмай болду. Биз жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап каттамга чейинки убакытка чейин шаардагы мейманканага жайгаштырабыз дедик. Силерге ишенбейбиз эртең алдап учурбай коёсуңар деп 153 жүргүнчүнүн 140ы каршы болду. 13 жүргүнчү макул болуп кечээ түнкү 12лерде мейманканага жеткирилди. Кийин биз калган 140 жүргүнчүгө тамак алып келип бердик. Аларга жатакана тамагыңар акысыз, баарын өзүбүз беребиз деп түшүндүрүп жатып таңкы саат 5те 85 жүргүнчүнү мейманканага жөнөттүк. Саат 7де 40 жүргүнчүнү көндүрүп жатаканага жайгаштырдык. Учурда 13 жүргүнчү бизди укпай аэропортто отурушат. Кээ бирлери өздөрү шаардагы үйлөрүнө кетип калышты", - деди "Манас" аэропортунун жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча менеджери Айбек Надыров.

Бишкектен Москвага уча албай калгандар "Манаста"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Seryi-Kardinal
2017-05-28 09:12:23
japaiy kyrgyzdar okwoit
+24
newman
2017-05-28 09:17:50
Кечээ эле 5-6 күн мурун мактанып атпады беле эл аралык аудитордук текшерүүдөн өтүп атабыз деп
+2
vavilon.
2017-05-28 10:14:55
newman, Ал аэропорт текшеруудон откондур отсо. А бирок самалёт деген техника. Качан бузулуп калуусун эч ким билбейт. Бузулганын алдын алганына рахмат деш керек. Асманга чыгып бузулуп калса айтат эленер ошондо "алдын ала текшерип учурбайбы" деп. Сабырдуу болуу керек. Башка олколордо деле болуп турат мындай.
+36
arzygulR
2017-05-28 09:43:00
Тушунуп коюшса болмок тообо кылдым
+23
Alixan-Nookat.2015
2017-05-28 10:00:14
Ооба тушунуп койсо болмок аларда ошончо элдин омурун тобокелчиликке салгысы келбейтда.
+20
nur...nur.
2017-05-28 10:26:06
Ишеничтен чыгып калганда
0
anash
2017-05-28 10:49:27
Emnege Jibek jolu togolok moldodo milisyalr kop?
+2
mahabat.
2017-05-28 11:44:13
anash,орустардын молдосу келди бизге.Кирилл деген киши
+6
jalguzum
2017-05-28 10:50:24
Дагы жакшы учканга чейин билип калышыптыр. Кудай сактасын.
+16
Ulan2601
2017-05-28 11:25:24
Super.kg Ысыкколдогу суунун булганышы жонундо маалымат берип койгула
+2
dina1983-19
2017-05-28 11:31:09
Ишенип койгула алтындарым.
+4
Krai
2017-05-28 12:53:34
Биз ошон учун кыргызбыз да
+2
KAPAGAT
2017-05-29 03:53:42
Ажылдагандарын...Олуп калсан не болот ХХХ кыргыз озуно озун куйчу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан