Москвада кыргыз кыз эжесинен акча өндүрүү үчүн өзүн 4 балага атайын барымтага алдырган

Москвада 20 жаштагы кыргыз кыз алдамчылык жол менен эжесинен акча өндүрүү максатына жетпей калды. Бул тууралуу 27-майда Кыргыз мамлекетинин Ички иштер министрлигинин КМШ аймагы боюнча өкүлү Аскат Алиев билдирди. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 26-майда 2 жаран кайрылып, 20 жаштагы кызды 4 бала барымтага алып эжесинен 1 миллион рубль талап кылып жатканын кабарлаган. Бирок териштирүүдө окуя таптакыр башкача болуп чыккан.

"2017-жылдын 22-майында Москва шаарынан кыргыз улутундагы 4 бала 20 жаштагы Кыргыз Республикасынын жаранын уурдашып, дареги белгисиз батирге алып барып чыгарбай жатышат деп кабарланган. 26-май күнү уурдалган кыздын Чита шаарында жашап, иштеген 22 жаштагы бир тууган эжесине байланышка чыгышып, сиӊдиси барымтада экенин, аны бошотуу үчүн сиӊдисинин банк карточкасына 1 миллион рубль которууну талап кылышат. Болбосо өлтүрүп, органдарын сатып жиберебиз деп коркутушкан. 27-майда уурдалды деген кыздын жүргөн жери аныкталып жагдай башкача болуп чыкты. Көрсө, 20 жаштагы Айбара аттуу кыз, бир тууган эжесинен акча өндүрүү максатында, окуяны оюнан чыгарып баарыбызды убара кылыптыр. "Көргөндөн көрө элегиӊ көп" дегендей, милицияда 20 жылдан бери кызмат кылып ушундай окуяны биринчи көрүшүм", - дейт Алиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kushtari
2017-05-28 11:43:45
Адамдардын пейли бузулду азыркы заманда акчасы бар екенин билгенда акылы жок кыз
+15
Pandora
2017-05-28 11:45:43
Кудай сактаа,он козун сол козуно душман дегени ушул да.Бир карында жатып,бир ата-эненеден торолуп ушундай кылган бир туугандан сактасын
+25
aselushka
2017-05-28 11:51:12
20 жаштагы синдиси мафияго, 22жаш эжеси миллионер.
+23
altyn7776
2017-05-28 12:01:48
Ажо Туура эле айткан Кыргыздын душманы кыргыз! Жакында Екатеринбургда кыргыз баланы да орустар олтуруп койду дешип айгай салып жаттык эле, озунун эле тууганы дешуудо
+20
madina.87
2017-05-28 12:22:44
Акча болсо азыр оз баласын ,ата-энесин ,бир тууганын,керек болсо омурлук жарын да сатып ийчу адамдар пайда болду.
Акылсыз кыз десе,эжеси мээнет менен иштеп тапса,синдиси оной эле олжого жетейин дегенго...
"Акча" "акча" деген заман болдуго.

Мына бугунку шайдоодода оз добуштарын соодалашып сатып жатышат.
+10
erlist
2017-05-28 12:51:00
Американский кинолордон коп коруп алган го Айбарачы...
+9
sarbo
2017-05-28 13:25:46
бул кыздан "ВОР" чыкпайт. башка кесип тандашы керек
+10
Mers124
2017-05-28 13:27:23
Азыр элдер башка жагы менен ойлонуп, женил ойлуу болуп баратышат.
+5
zhykyo
2017-05-28 16:21:00
Камап туруп албарстыны чакырып туруп бастырыш керек у уу у
-2
arzygulR
2017-05-28 17:59:31
Ой тообо
+2
momun74
2017-05-28 19:33:11
Кем Акыл кыз экен
+1
erikkarakulja
2017-05-28 20:49:52
Синдин Эмес койнундагы аялын да бузулган заман
0
NASIKA96
2017-05-29 21:03:14
Өзүңө өзүң ишенбейтурган заман болуп кеттиго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан