Базар-Коргондо ички чарбалык жолдорду сел алып, турак жайларга кооптуу абал жаралды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагында ички чарбалык жолдорду сел алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-май күнү Кызыл-Үңкүрдүн Алтын-Кыя айылындагы Кең-Кол суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугу сол жээгине бурулуп, аймактагы ички чарбалык унаа жолунун 60 метр аралыгын бузуп, жолду каптап кеткен. Натыйжада Алтын-Кыя айылындагы 100 кожолук жана мектеп окуучулары үчүн жол каттамы убактылуу жабылган.

"Дарыянын оң жээгиндеги 18 кожолуктун турак жайларына кооптуу абал жаралган. Суунун нугу бурулуп, табигый жээкти бузуп, турак жайларга 15-20 метр аралык жакындаган. Учурда турак жайларга кооптуу абал жаратып жаткан Кең-Кол суусунун нугун буруу жана унаа каттамын ачуу аракети көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан