1933-жылы 29-майда "Фрунзеден Рыбачьеге чейин ичкиликсиз күжүрмөн жол!" деген чакырык ташталган. Буга ылайык, айдоочуларга бири-бирине кичи пейил мамиле жасап, жолдо мас абалында мушташууларды токтотуу зарылчылыгы белгиленген. Мындан тышкары айдоочуларга “жылкы, төө жана эшектерди үркүтпөө үчүн түнкүсүн ылдам айдабагыла” деген эскертүү берилген.
Бүгүнкү күндө да мындай иш-аракеттер уланып келүүдө. Акыркы бир жумадан бери шаар тургундары Бишкек шаарынын ичинде "Биз жашагыбыз келет" деген аталыштагы жөө жүрүштөрдү уюштурушууда. Ага окуучу балдар, жаш активисттер жана шаар тургундары катышышты. Мындай зарылчылык акыркы мезгилдеги өлкө аймагында жок кырсыктарынан адам өмүрлөрүнүн кыйылышы көп катталгандан улам келип чыгууда.
29-майга карата жылнаама.