Жалал-Абад облусунун айрым райондорунда катуу шамал жүрүп, турак жайлардын чатырын учурду

Жалал-Абад облусунун аймактарында катуу шамал жүрүп, турак жайлардын жана социалдык имараттардын чатырын учурду. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунда ылдамдыгы секундасына 23 метрге жеткен катуу шамал катталып, Токтогул шаарчасында 1 үйдүн чатырынын 270 чарчы метр бөлүгүн, райондун борбордук ооруканасынын 180 чарчы метр чатырын шамал учурган. Жабыркагандар болгон эмес.

"Катуу шамал 28-май күнү Ала-Бука районунда да катталган. Ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен. Ак-Там айылындагы мөмө-жемиш кургатуучу кичи сарайдын 330 чарчы метр чатырын жыгачы менен кошо шамал учуруп, жараксыз абалга келтирген. Ошондой эле Жапа-Салды айылындагы 1 сарайдын чатырын жыгачтары менен шамал учурган. Сузак районунда да шамал жүрүп, 2 кабаттуу үйдүн чатырын учурган. Кызыл-Суу айылында 11 турак жайдын жалпы 30 даана шиферин жана 11 сарайдын чатырын учуруп кеткен", - деп билдиришти аталган кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pixduel1
2017-05-29 21:55:01
Москвада да болду просто ужас! Аябай корктум ! Кудай сактасын эми((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан