Бүгүн, 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына карата Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясында көргөзмө өтүүдө.
Уюштуруу тобунан билдиришкендей, анда Кыргыз армиясынын акыркы үлгүдөгү байланыш каражаттары, жарылуучу заттарды зыянсыздандыруучу техника көрсөтүлгөн. Мындан тышкары көргөзмөдө жоокерлер күн сайын колдонгон буюмдарды да көрсө болот.
Эскерте кетсек, 1992-жылы 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнүн белгилөө тууралуу чечим кабыл алынып, андан бери ал расмий түрдө майрамдалып келет.