Мамлекеттик тесттен жасалма паспорт менен башка бирөөнүн атынан өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Аламүдүн районунда жалпы мамлекеттик тестти жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Лебединовка айылындагы мектеп-гимназияда мамлекеттик тесттен 20 жаштагы К.Р, 21 жаштагы А.Ж катары тапшырып жатканы документтерди текшерип жаткан комиссия тарабынан аныкталган.

Изилдөө иштеринин натыйжасында 21 жаштагы А.Ж аттуу жаранга Нургүл аттуу таанышы "400 доллар берсең жалпы мамлекеттик тесттен өткөрүп, андан соң жогорку окуу жайга өткөрөм" деп убада бергени аныкталган. Бул сүйлөшүүнү ишке ашыруу үчүн шектүү өзүнүн ордуна башка адамды жасалма документ менен киргизип, тесттен өтүүгө аракет кылган.

Аталган факт боюнча 20-майда бул ишке аралашкан 3 адамга карата 350-берене (жасалма документтерди жасоо, колдонуу, алып жүрүү, мамлекеттик сыйлыктарды, бланктарды жана мөөрлөрдү жасоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүү адамдар Бишкек шаарындагы №1-убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан