Парламенттин тийиштүү комитетинде Ооган согушундагы кеңешчилерге жөлөк пул төлөп берүү маселеси каралды

Бүгүн, 29-майда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Ооган согушундагы кеңешчилерге жөлөк пул төлөп берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Бул мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Кожобек Рыспаев билдиргендей, жөлөк пул төлөө үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын 216 миң сом өлчөмүндө каражат керектелет.

“Ооган согушуна аскер кызматынан тышкары кеңешчилер дагы барган. Кеңешчилер 13 жылдай жөлөк пул алып жүрүп, кийин 2009-жылы “Согуштун ардагерлери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, кеңешчилер деген сөз алынып салынган. Ошондон тарта аларга жөлөк пул берилбейт. Ооган согушунун убагында Кыргыз ССРинен 4 кеңешчи жиберилген. Бүгүнкү күндө алардын бирөө каза болуптур. Өкмөт каражаттын жоктугун айтып келет. Жыл сайын Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын саны азайып жатат. Аларга берилген жөлөк пулдар кайтарылууда. Бул нерсени айткан киши жок. Себепсиз берилбей калган акча кайрадан бериле башташ керек”, - деди ал.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоордун концепциясын колдоп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан