Парижде 29-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэл Макрондун жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге маалымат берүүдө француз лидери Орусиянын Russia Today телеканалын жана "Спутник" маалымат агенттигин сындап, аларды "пропаганда жүргүзүүчү орган" деп атады.
Макрон президенттик жарыш учурунда аталган ММКлардын кабарчыларын эмне үчүн штабына киргизбей койгонун түшүндүрдү.
"Чет элдик журналисттер менен жакшы мамиледемин. Бирок ММКлар карандай калпты таратышса, булар журналист эмес, таасир тийгизүүчү органга айланышат. Russia Today жана "Спутник" өздөрүн пресса эмес, пропагандалоочу орган катары алып жүрүшөт. Ошондуктан шайлоонун 2-турунда аталган ММКлардын өкүлдөрү менин шайлоодогу штабыма киргизилген жок, мен муну туура деп эсептейм", - деди Франциянын президенти.
Эскерте кетсек, Францияда президенттик шайлоо алдында Макрондун штабы аталган ММКларды күнөөлөп чыккан. Тагыраагы, Макрондун чет жерде оффшордук эсеби бар деп жалган маалымат таратып жатканын айтып айыптаган эле.