5 суткага камалган "Дыйкан" базарынын соодагерлери коё берилди. Эми алар прокуратурага арызданганы жатышат

Бишкекте "Дыйкан" базарын жабууда кармалган 11 адам коё берилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда SUPER.KG порталына кармалган соодагерлердин бири Гуля Курамаева билдирди.

"Бизди "базарды жабууда каршылык көрсөтүп, милицияны таш менен уруп, бейбаштык жасады" деп Ленин райондук сотунун чечими менен 5 суткага камашты. Бирок ал күнү биз базардын алдында эле турганбыз. Атайын видеобайкоочу камерадан көрсө болот", - деди Курамаева.

Анын айтымында, учурда соодагерлер чыгымдарды төлөтүү боюнча прокуратурага арыз жазууну пландоодо.

"Базарда иштеген карапайым элдин премьер-министрге, шаар мэрине жазган каттары өздөрүнө жетпей жатыптыр. Кандайдыр бир себептерден улам жолдон жоголуп жатат. Ошондуктан элдин кайрылуусун массалык маалымат каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу тиешелүү адамдарга жеткирүү зарыл болуп жатат. Ошол эле учурда сыналгыда маалыматтар да толук берилбей калат экен", - деп нааразы болду Курамаева.

Эске салсак, 23-майдан 24-майга караган түнү аталган базарды жабууга каршылык көргөзгөн деген жүйө менен 11 адам кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Best.bakyt
2017-05-30 17:32:15
Прокуратура ушулардын озулоруно иш козгосо экен. Мыйзамга баш ийуу керек. Жапсын туура кылат болбосо Бишкектин ичи бут эле базар болуп кетти быты чыты болуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан