Алмазбек Атамбаев Шри-Ланканын президентине көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Шри-Ланканын батыш, борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө болгон жаратылыш кырсыктарынан көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын президенти Майтрипала Сирисенага көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Шри-Ланканын батыш, борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө болгон жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын ниеттен чыккан көңүл айтуубузду жана колдообузду, ал эми бардык жабыр тарткандарга тезирээк сакайып кетишин каалай турганыбызды билдирип коюуну өтүнөм", - деп айтылат телеграммада.

Айта кетсек, катуу жааган жамгырдын кесепетинен Шри-Ланка өлкөсүнүн 14 аймагында суунун деңгээли көтөрүлүп, калктуу аймактарды каптап жарым миллионго жакын жергиликтүү тургундар башка жактарга көчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 29-майга карата 164 адам каза болгондугу кабарланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tatynam_88
2017-05-30 17:37:14
Иии мынча тез конул айтты?шеф адатта шашпааай айттырчу эле го конулду.мында озу,жадагалса бат эле конул айтыптыр.кана эми кыргызга да ушундай конул бурса.
-2
tursunbaev78
2017-05-31 02:58:39
АША бирөөлөргө кыйын көңүл айтат
+2
ZHYRGAL.balalaika
2017-05-31 09:49:43
Ай ушу биз ай.Качан оңолобуз ушинтип жаман ханыбыздын сол ийнине асыла бермей болдук го.Биз ойлогондой боло берсе гана баары бир жазылган тагдыр менен жашайбыз,өлкөнү өнүктүрүү баарыбызга байланыштуу элим маданияттуу бололу туугандар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан