SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүктүүңүз менен урушканда эмне кыласыз?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Таарыныша кетсек эле мен ыйлап баштайм. Ал келип кучактап эркелетпесе, жатып алып 5-6 саат болсо да ыйлай берем. Ыйлап жатып чарчап да калам. Акыры чыдабай өзү келип кучактап, таарынычты жазууга аракет кылат".
"Ичимден кантип жарашабыз деп кыжалат боло берем. Эгер андан кетсе экөөбүз унчукпай жүрө беребиз, бирок тез эле жарашабыз".
"Катуу урушуп, бири-бирибиздин көңүлүбүздү ооруткан учур болгон эмес. Ар дайым бири-бирибизге аяр мамиле жасайбыз. Эгер жолдошумдун үнү бийигирээк чыгып калса эле, менин көз жашым даяр турат. Өзүмдү карманайын десем да болбой, үн-сөзү жок эзилип ыйлай берем. "Сенин ушинтип эзилип ыйлаганыңды көрүп, өзүмдү жемелеп, өзүмө жиним келет" деп калат. Келип кечирим сурап, эркелетип койсо эле, булуттан чыккан айга окшоп жарк дей түшөм. Урушуу, талашуу, келишпестиктер жаңы турмуш курган учурда болчу. Азыр Кудай сактасын, тууган-урук сыймыктанган эле түгөйлөрбүз".
"Аябай эле көк бетмин, сүйлөсө да оозума талкан салып алгансып дулдуюп жүрө берем. Эгер уктаарга жакын урушуп калган болсок, түн ичинде уйкусурап кучактап алам. Анткени кучактабай уктай албайм".
"Катуу урушпаптырбыз. Анча-мынча чартылдаша кеткенде унчукпай, бир саамга тунжурап отуруп көзүбүз чагылышып эле экөөбүз тең күлүп жиберет экенбиз. Кээде жүзүнөн чарчаганын байкасам көп сүйлөбөгөнгө аракеттенип өзүмдү тыйып коёт экенмин. Анан да менин кабагыма кар жааганын көрсө эле жиндене берет, ошого көп кар жаадырбайм".
"Бизде деле болот, айрыкча кызганычтан. Жумушума байланыштуу түнгө карабай чакыруу болуп же жумуштан түн ортосу келсем, ошол үчүн "кээде калп эле кетип жатасыз" деп уруш чыгарып калат. Алтыным, жаным, мамалагым деп түрдүү комплименттерди айтып койсом, унчукпай калат, байкушум".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.