Бүгүн, 31-майда парламентте “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Мыйзам долбоорунда саясий партиялар дайындаган байкоочулар шайлоо участкаларында добуш берүү жүрүшүнө ээн-эркин көз салууга жана мыйзам бузууларды байкаса арызданууга укугу бар. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана байкоо салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору белгиленген.
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова депутаттарды шайлоолор жөнүндөгү мыйзамга киргизип жаткан өзгөртүүлөрдү колдобоого чакырды. Депутат бул мыйзам демократиялык негиздерге каршы келерин эскертти. Аталган фракциянын депутаты Наталья Никитенко мыйзам долбоорунун демилгечилери коомдук байкоочулардын укугун азайтканын, мыйзам эл аралык коомчулук алдында Кыргыз мамлекетинин аброюн түшүрөрүн айтты.
КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова мыйзам эч кимдин укугун бузбай турганын, чочулоонун кереги жок экенин билдирди. Жыйынтыгында мыйзам долбоор добуш берүүгө жөнөтүлдү.