Депутат Каныбек Иманалиев президенттин Судьялар кеӊешинин алдындагы Дисциплинардык комиссияга талапкер көрсөтүү укугун алып салууну сунуштады. Бул тууралуу депутат 31-майда парламентте айтты.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралды.
Демилгечи депутат Максат Сабиров судьялардын тартип бузуу жосундарын карай турган Судьялар кеӊешине караштуу дисциплинардык комиссия түзүлөрүн белгилейт. Анын курамы 9 адамдан туруп, алар президент, Жогорку Кеӊеш, Судьялар кеӊеши тарабынан сунушталарын айтты.
Каныбек Иманалиев: “Коомчулукта соттордун акыйкатсыз чечимине арыздангандар көп. Соттор саясий буюртмаларды аткарып жатканын айтышууда. Эгерде бул мыйзам кабыл алынса соттор эки эсе көз каранды болот. Мен президенттин аталган комиссияга талапкер көрсөтүү укугун алып салууну сунуштайм. Ошол укукту адвокаттарга берели. Бул президенттин каалоосубу билбейм, бирок сот системин түз президентке алып келип жатасыңар. Мыйзам долбоорун президенттик аппарат жазып койгондой сезилип жатат”, - деди.