Аида Салянова: "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда өкмөттүн так ою жок"

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда өкмөттүн так ою жок", - деп билдирди 1-июнда парламентте депутат Аида Салянова.

Ал билдиргендей, долбоор 2012-жылы киргизилген. "Бул долбоор 2013-жылы май айында бүтмөк. Андан бери 4 жыл болду. Бүгүнкү күндө кооптуу нерсе - өкмөттүн бирдиктүү ою жок экени. Анткени бир туруп соттун чечимдерин күтөбүз дешет, бир туруп "Таза коом" долбооруна киргизебиз дейт. Бул өкмөттүн так, даана позициясы жок экенин далилдейт. Бул жыл аралыгында кырсыктардан 5 миңге чукул адам каза болду, 50 миңге жакын адам жабыркап жатат. Мындан дагы маанилүү маселе барбы?" - деди ал.

Эске салсак, аталган долбоор боюнча 2 жолу тендер өтүп, 2 жолу теӊ "тендер мыйзам бузуулар менен өттү" деп документке ошол кездеги ички иштер министрлери кол коюудан баш тартышкан. Бүгүнкү күндө соттук иштер уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан