Бишкек ШИИББинин 10-башкармалыгы борбор калаанын айланасынан каттоосу жок жүргөн Тажикстан жана Өзбекстандын жарандарын кармашты. Бул маалыматты SUPER.KG’ге Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.
Анын айтымында, тилемчилер шаардын көчөлөрүндө, эл көп чогулган соода жайларында акча сурап кайырчылык менен жан багып келишкендиги аныкталган.
“Бишкек шаарында рейд өткөрүлүп, жалпы 33 жаран кармалган. Алардын баары чет элдиктер экендиги аныкталып, соттон кармалган жарандарды Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан чыгаруу чечими чыгарылды. Алардын ар бирине соттун чечими берилген. Эгерде кийинки рейддерде булар дагы кармалып соттун чечимин аткарбаган болсо, административдик айыпка жыгылат же 15 суткалык коомдук жумуштарга тартылат”, - деди Оморов.