Бүгүн, 1-июнда Бишкектеги соода борборлорунун биринде "Кыргыздагы эң жаш ишкер" атка конуп, желим гүлдөрдү сатып үй-бүлөсүн баккан 7 жашар Эрмекти колдоо максатында уюштурулган флешмоб өтүп жатат. Флешмобдун уюштуруучусу журналист Дайырбек Орунбеков. Ага ар тараптан адамдар келип, гүлдөрдү сатып алышууда. Жардам берүүнү каалагандардын саны 60ка чукул.
Сатууга баасы 20 сомдон 500дөй желим гүлдөрдү алып чыгышкан. Анын баары 10-15 мүнөттө сатылып кетти.
Эрмектин атасы 2 жыл мурун каза тапса, апасы Орусияга иш издеп кеткен. Ал жактан документтерин жоготуп алып, келе албай жатат. Ал эми улгайган таенеси жана жакындары 7 жашар баланын ишкерлиги менен жан багышат. Таенеси желим гүлдөрдү үйдөн жасап берсе, Эрмек аларды кыдырып, сатып чыгат.