Бүгүн, 2-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн эртең менен Бишкекте Токтоналиев көчөсүндөгү дарактарды кыюу башталды. Жашылдандыруу ишканасынын бул аракетине нааразы эл митинг өткөрдү. Бактардын кыйылышын токтотуу үчүн дарактарга жолотпой жаткан 10 активист милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Аларга "бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбестик", "жол тосуу" боюнча айып тагылды. Активисттер дарактарды кыйганга каршы чыгып жатышканын, бирок бийлик өкүлүнө баш ийбестик жана жол тосуулар болбогонун белгилешип жатышат. Эске салсак, бир нече күндөн бери дарактардын кыйылышына каршы митингдер өтүп жаткан. Шаар тургундарынын атынан мэрияга барган топ жетекчилик менен жолугушуп, бактарды кыюуну токтотуу тууралуу сөз болгонун айтып чыгышкан. Шаардык кеңештин жыйынында дарактарды кыюу чечими кечээ кечинде кабыл алынганын мэр Албек Ибраимов билдирди. Бишкек мэриясы жолду кеңейтүү үчүн кыйылгандын ордуна андан көбүрөөк санда бак тигилет деп сөз берүүдө.
Дарактардын кыйылышы менен уяларынан кулап түшүп, өлүп жаткан балапандар, жол бою сулап жаткан бак-шактар, бир кездеги жашыл шаар деп атыккан борбордун макамы үчүн күрөш... Экинчи жагынан шаардын инфраструктурасы, жолдору оңдоодон өтүшүн туура көрүп, мэрияны колдоп да жатышат. Интернет колдонуучулары бактар үчүн күрөштү экология проблемасын козгогон “Аватар” тасмасына салыштырышты. Ал фильмде айлана-чөйрөнү коргоо, адамдардын өздөрү жашап жаткан жерге болгон мамилеси өңдүү экологиялык көйгөйлөр чагылдырылган. Бак-дарактардын кыйылып жок кылынышына каршы акциялар Стамбулдагы Гези сейил багында болгон. 2013-жылы болгон нааразылык акциялары мамлекеттик деңгээлдеги толкундоолорго алып келген эле.
Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө, айрыкча калк жыш жайгашкан чоң шаарларда ар бир дарактын баасы ошол аймактын тургуну үчүн кымбат. Калаадагы абаны кирдеткен жүздөгөн-миңдеген машиналардан, завод-фабрикалардан, көмүр жагылган жылытуу системдеринен чыккан түтүн жашоочулардын ден соолугуна эбегейсиз зыянын тийгизет. Атүгүл азыркы тапта булганган абанын айынан көк асманды көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган мегаполистер четинен чыгат. Буга чейин Кыргыз жана казак окумуштуулары изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Алар Бишкектин абасы булганганын, курамында уулуу формальдегид затынын көптүгүн аныкташкан. Бишкек да бир мамлекеттин борбору, калк көп жайгашкан шаары, туш тараптан келген туристтерге көрсөтөр жайы. Бүгүнкү кыйылган бак-дарактардын ордун курула турган кең жол актайбы же жокпу, аны жакынкы мезгил көрсөтөт...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боинг кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп акча которгондордун тизмесин жарыялады. Ушул жылдын январь айында "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Курулуш башкармалыгынын дачалары тилкесине Боинг учагы кулап, 39 адам каза болгон. ӨКМ кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачкан. Эсепке элден 102 миллион сомдон ашуун каражат чогулду деп, кырсыктан бир нече ай өткөн соң жабырлануучуларга жардамды таратып берген эле. ӨКМ каражат которгондордун тизмесин, суммаларды ачыктабай келген. Мамлекеттик мекеме тийиштүү милдеттерин аткарбагандыгы жана ачык-айкындыкты камсыз кылбагандыгы үчүн SUPER.KG порталы министрликти сотко бергенден кийин ӨКМ тизмени коомчулукка жарыялоого шашты. ӨКМ тизмени берүүнү дээрлик төрт айга кечиктиргенин май айында болгон кырсыктардын көптүгүнө шылтап жооп узаткан. Бирок SUPER.KG порталынын министрликти сотко бергендиги талкуу жараткан соң, ошол эле күнү тизмени коомчулукка чыгарганга үлгүрдү.
Тизмеде мамлекеттик органдар, коомдук фонддор, жеке ишкерлер жана карапайым калктын акча которгонун көрүүгө болот. Анын ичинде колунан келген жардамым деп 20 сомдон тартып бергендер дагы бар. Карапайым калк болобу же жеке ишкерби көрсөткөн каржылык колдоосу өз дарегине жетишине кызыкдар болору анык. Андыктан мындай окуяларда министрлик маалыматты жаап-жашырбай, аны сотко чейин жеткирбей, коомчулукка ачык-айкын болуусу керектиги ага карата ишенимди гана бекемдейт...