Дарактарды кыюуда балапандардын өлүп жатканы, уясынан кулап түшкөнү жашоочуларды катуу нааразы кылды

Бүгүн, 2-июнда Бишкектеги Токтоналиев көчөсүндө дарактарды кыюу учуру коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынууда. Дарактардагы күнөөсүз балапандардын өлүп жатканы, уясынан кулап түшкөнү, дарактардын массалык кыйылышы жергиликтүү жашоочуларды катуу нааразы кылды.

Айрымдары жакасын кармап, "тынч жаткан аймакты кыргынга учуратышты" деген ойлорун айтышты. Анткени Токтоналиев көчөсүнөн буга чейин жергиликтүү жашоочулар гана унаалары менен катташчу. Мындан ары бул жол кеңейтилип, таза абаны булгаган унааларга толмокчу. Дарактардын кыйылышы менен анда жашаган айрым куштардын да уясы бузулуп, кээ бирлеринин сары ооз балапандары өлүп жерде жатты. Колго илешип калган уяларды адамдар кайрадан дарактардын шагына илип коюшууда.

Белгилей кетсек, бүгүн жогоруда аталган көчөнү кеңейтүү максатында 143 даана дарак кыйыла баштаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
admiral
2017-06-02 15:24:08
Балапандардын өлүп жатканы жакшы эмесда албетте
+5
Bolunbo.kyrgyz
2017-06-02 15:59:11
Каргышы тийет
+3
Girl1996
2017-06-02 16:07:50
Дарактарды кыйса, жаз эээми келгенде кыйуу керек. Балапандарга да, дарактарга да, дарак астындагы чөптөргө да зыяны тиет.
+7
baisogur
2017-06-02 16:42:36
Жолду кеңейтип шаардын көркүн ачып жолдо толуп жүргөн маршруткаларды линиядан алып бишкек шаарын тек кана автобуз менен жүргүнчүлөрдү тейлегенин каалайт элем,себеби шаарыбыздын абасы таза жол тыгыны азайып элибиз кеңири көчөдө маанайы көтөрүлүп жол эрежеси сакталып кырсыктар дагы азайат беле,унаа жүргүзүүчүлөр бири бири менен жол талаш учурлар азаймак,шаарыбыздын көркүнө көрк кошулуп шаарыбыз жашарып жаш муунга жакшы жагыбызды көрсөтүп элибиздин маанайы өзгөрмөк аракетиңерге берекет алга!
0
asefsa
2017-06-02 17:06:19
мартта же ноябрьда кыйыш керек эле да, канаттуулардын да убалы бар
+8
Kroxa
2017-06-03 12:09:44
Ушу туура эмес да дарактар коктогучо эмнени карап турушту..июнь айында бак кыйуу убагы болмок беле бурдоп гулдогон учур..жаратылышты таарынтып каарына калып жатасынар...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан