Азыркы учурда мамлекеттик маанидеги документтерди чыгара турган ишкананы түзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.
"Мамлекеттик документтерди даярдоого өткөн жылы 305 миллион сом жумшалды. Бюджеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу жана документтерди коргоо максатында бизге ишкана түзүү сунушу берилген. Бирок акча каражаты тартыш болгондуктан аткарууга мүмкүнчүлүк жок", - дейт Болсунбек Казаков.
Ал эми юстиция министри Уран Ахметов ушу тапта мамлекеттик маанидеги 300дөн ашуун документ бар экенин кошумчалады.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Күмүшбек Шамканов фракция мүчөлөрүн Кыргыз жарандарынын паспорту англиялык “Де ля Ру” компаниясы, ал эми улуттук валюта Кенияда жайгашкан франциялык компания тарабынан даярдалып жатканы тууралуу маалымдар кылды.
“Учкун” басмаканасынын башкы директору Кубат Бейшеев 2014-2016-жылдары 48 түрдөгү документ басылса, азыркы учурда 22 документ даярдалып жатканын, аны бирок коргоо белгилери жөнөкөй дагы 68 документке чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты.
"Документ басуу – кирешелүү жумуш. Биздин жабдууларыбыз коммерциялык тапшырыктарды аткарууга ылайыкташтырылган. Бир катар мамлекеттик органдар менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзө албай калдык. Көпчүлүк органдар менчик басмаканалар менен иштешет экен. Ошого карабастан, былтыр 3,5 миллион сом киреше менен жыйынтыктадык", - деп кошумчалады Бейшеев.
Фракция лидери Иса Өмүркулов андай жабдуулар фирмалык бланктарды басууга гана жарай турганын айтты. Ал паспорт сындуу коргоо белгилери татаал документтерди даярдоого жараксыз экенин билдирип, мындай документтерди мамлекеттик ишканаларда даярдоо зарылдыгын белгиледи.