Бишкекте өткөн "Кызыл көйнөк" акциясынан ирмемдер

Бишкекте 3-июнда "Дени сак аял - дени сак өлкө" деген ураандын астында "Кызыл көйнөк" аталышында акция болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында дарыгерлер кызыл көйнөк, кызыл шарф, кызыл футболка кийген аялдардын кан басымын, кандагы канттын деңгээлин текшерип, туура тамактануу боюнча кеңештерди беришти. Ошондой эле ден соолукту чыңдоо үчүн тибет гимнастикасынын көнүгүүлөрү көрсөтүлдү. Акцияга өлкөнүн биринчи айымы Раиса Атамбаева, шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова, медицина кызматкерлери, студенттер катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bek007
2017-06-04 09:44:47
Кызыл көйнөк биздин элде башкача мааниге ээ болот го)) Ошону ойлонуп коюшса болмок. Темасын окуп алып "жаман кыздар" да акция уюштуруп аткан го деп ойлоп кетипмин)))
-9
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-06-04 09:53:08
bek007,кандай жаман маанини билдирет айта кетпейсизби. Биз да биле жүрөлү
+4
lady_91
2017-06-04 10:55:56
bek007,биринчи жолу угушум
+1
Kroxa
2017-06-04 11:48:44
bek007,тан калыштуу кандай мааниге ээ?? эмнеге жаман кыздар??
+1
Mers124
2017-06-04 11:49:42
Атамекенчилердей болуп калган го. Каякта болбосун кошоматчылык. Эхх Кыргыз
+3
datkayimjan
2017-06-04 12:53:13
Оюнар жаман го. Аялдарга конул буруу акциясын да саясатташтырып,башка маанилерин издеп...
+5
AIZAD
2017-06-04 15:06:40
Сонун корунот экен!!!
+1
Nendi15
2017-06-04 15:32:32
Албарсты кызыл көйнөкчөн айымдарды баскан мезгил. ХХХ
+1
kushtari
2017-06-04 16:32:27
Ким ойлонуп чыга калды кызыл койнокту баары ачылып алыптыр го шариятты карагыла туугандар
+2
jonne
2017-06-04 17:36:08
Кызыл койнок саткан соодогерлердин куну болуптур да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан