Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзийоев укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын ичинде прокурорлор жаңы иш орундарын түзүп, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкон ишкерлерди сыйлоолору керек экенин билдирди.
Бул кабарды Өзбекстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Шавкат Мирзийоев Анжиян облусуна жасаган сапары учурунда тартип сакчылары менен прокурорлорду ишкерлерге “cиз” деп кайрылууга милдеттендирди. “Ишкерлерге сылык кайрылбаган прокурорлор прокуратурада иштөөгө татыктуу эмес деп эсептейм. Район, шаар, облус прокурорлору жума сайын ишкерлер менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуулары керек”, - деди Мирзийоев.
Ошондой эле “президент көзөмөл орган элди жазалаган репрессиялык орган болбошу керектигин баса белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.