Москвада белгисиз адам Кыргыз жаранын сабап андан соң тиштеп алган. Мындай маалыматты Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берип жазып чыгышты.
Маалыматта жабыркаган адамды Кыргыз жараны дешүүдө. Жабыркаган жаран ага белгисиз адам 4-июнь күнү эртең менен Москва шаарынын борбордук бөлүгүндө кол салганын полицияга билдирген. Ошондой эле аталган маалыматта, белгисиз адам 33 жаштагы мекендешибиздин колун тиштеп жана денесине бир нече майда жаракаттарды алып келгендиги айтылат.