Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Итагар айылында сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойчубеков билдирди.
"Катуу жааган жаандан улам сел келип, 3 көпүрөнүн жээктерин жууп кетти. Анын ичинен 1 көпүрө толугу менен жараксыз абалга келген. Бул көпүрөлөрдөн өтүү кооптуу болуп калды. Ошол эле учурда жайлоодон келе жаткан 1 трактор менен УАЗ үлгүсүндөгү жеңил унаа селден өтө албай кумга тыгылып калган. Учурда аларды чыгаруу аракети көрүлүүдө", - деп билдирди Тойчубеков.
Ал эми Авлетим айыл аймагынын башчысы Нурмырза Абдыраманов трактордун чиркегичи суунун агымына туруштук бере албай кайрылып сай жээгинде калгандыгын, бул тууралуу тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.