Бишкектин тегерегинде жашагандардын ичинде 25 жылдан бери каттоого тура электер бар. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров билдирди.
Ал билдиргендей, Бишкек шаарынын тегерегинде 72 аймак бар. Ал жерде жер-жерлерден келген жарандар каттоосу жок жашап жүрүшкөнүн айтты. “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Экмат Байпакбаев ал жерде жашагандар ооруканаларга кайрыла албай жаткандыктарын айтты. Анын айтымында, каттоого тура элек жарандарды Сокулук районунун, Бишкектин медициналык мекемелери кабыл албай жатат. Аталган жерлер калктуу конуш болбогондуктан дарыкана ачканга да уруксат жок экенин билдирди. Эл өкүлүнүн маалыматына ылайык, жашоочулар бул маселе боюнча чиновниктерге бир нече жолу кайрылган, бирок жыйынтык болгон эмес. Ал мындай жерлерге калктуу конуш статусун берүүнү сунуштады.
Жыйынтыгында “Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.