Жогорку Кеңештин комитети Ооган согушундагы кеңешчилерге жөлөк пул төлөп берүүгө багытталган мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде Ооган согушундагы кеңешчилерге жөлөк пул төлөп берүүгө багытталган мыйзам долбоорун жактырды.

Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, жөлөк пул төлөө үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын 216 миң сом өлчөмүндө каражат керектелет.

“Ооган согушуна аскер кызматынан тышкары кеңешчилер дагы барган. Кеңешчилер 13 жылдай жөлөк пул алып жүрүп, кийин 2009-жылы “Согуштун ардагерлери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, кеңешчилер деген сөз алынып салынган. Ошондон тарта аларга жөлөк пул берилбейт. Ооган согушунун убагында Кыргыз ССРинен 4 кеңешчи жиберилген. Бүгүнкү күндө алардын бирөө каза болуптур. Себепсиз берилбей калган акча кайрадан бериле башташ керек”, - деп сунуштады депутат.

Аталган комитеттин депутаттары мыйзам долбоорду колдоп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан