Президент бир катар инсандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жарлыгына кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар инсандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Анда белгиленгендей, КРнын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн II даражадагы “Манас” ордени менен:

Мукаш Базаркулов

-

Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү;

Сабырбек Жумабеков

-

Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору сыйланат.

Ошондой эле III даражадагы “Манас” ордени менен 5, “Даңк” медалы менен 9 инсан сыйланат. Алардын үчөө Апрель элдик революциясынын активдүү катышуучулары. “Эл сүрөтчүсү” наамы бир сүрөтчүгө берилет.

“Эл артисти” наамы төмөнкүлөргө берилет:

Келдибек Ниязов

-

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисти;

Давлетбек Нургазиев

-

К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу-драма театрынын артисти, көркөм жетекчиси;

Алтынбек Сапаралиев

-

эстрада ырчысы, Кыргыз Республикасынын театралдык ишмерлер союзунун мүчөсү;

Зейнеп Шакеева

-

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына караштуу К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солист-вокалисти.

“Эмгек сиңирген мугалим” наамы 24 мугалимге ыйгарылат.

Мындан тышкары “Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер” наамы 6 кызматкерге, “Эмгек сиңирген врач” деген наам 10 дарыгерге, “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамы 4 кызматкерге, “Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” 6 чарбачыл инсанга, “Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер” наамы 2 кызматчыга ыйгарылат. Ошондой эле 64 жаран менен 4 жеке өндүрүш ишканасы “Ардак грамота” менен сыйланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdyrashit.Satylganov
2017-06-05 18:19:06
Жакшы арасында Ая.а, Айы.а деген ырчылар жок экен...Абдылда, Рахман деген маданият кызматкерлерине качан бересиңер?
+5
Aidan88
2017-06-05 20:36:04
Zeinep Shakeeva ,Keldibek Niyazov siyaktuular janydan naam alyp atyshat ,el artisti degen naamga tatyktuu kut bolsun naamynar.bir yr menen chygyp alyp ,undoru jok ,bat le syilyk algandar kancha ,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан