7-июнь күнү саат 15:00дөн баштап SUPER.KG`нин түз эфиринин кезектеги коногу, саясатчы Адахан Мадумаровго суроо узатыңыз

Кыргыздын белгилүү саясатчысы Адахан Мадумаров 7-июнь күнү саат 15:00дөн тартып SUPER.KG'нин түз эфиринде маек курат. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, конокко кызыктуу суроолоруңузду узатып калыңыз.

Суроолорду шилтеме аркылуу "Суперстан" бөлүмүнө өтүп, бул жерге калтырыңыз. Ошондой эле WhatsApp аркылуу +996 557 75-63-63 номерине жибере аласыз. Белгилей кетчү жагдай, түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу да комментарий таштап, суроолорго жооп алсаңыздар болот.

Адахан Мадумаров 7-июнь күнү саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
legion-arbat
2017-06-06 11:58:55
Кыргызстанга тийгизген эн чон пайданыз кайсы болгон.

Сизди билебиз тилинизден чан чыгара суйлоорунузду,шайлоодо Ак-Талаа районуна суу чыгарып берем дегенсиз ,шайлоодон отпой калсамда деп.Бирок чыгармак тургай келгенда жоксуз буга кандай жооп бересиз?
-7
CEO
2017-06-06 16:37:31
Мадумаровко суроо: бийлик бул шайлоодо да мурдагы "жоруктарын" (административдик ресурсту колдонуу, БШК, АШК жетекчиси жана мучолоруно басым корсотуу, акча сунуштоо, добуш сатып алуу, электрондук жабдыктары иштебей калды болуп добуш санын электрондук бурмалоо ж.б.ж.б.) кайталоо менен СДПК корсоткон талапкерди женуучу кылып алып чыгат, добуштардын 50%дан ашыгын алды кылып...

Сиз кандай чара кормокчусуз же шайлоодон кийин митинг уюштуруп калып кетесизби 2010-11 жылдагыдай?!
+7
CEO
2017-06-06 16:57:28
Мадумаровго суроо: убагында Мырзакматов "шайлоо бул бийлик заранее даярдаган театр, шайлоочулар ким бироого добуш беребиз деген ишеничте шайлоого катышат, бирок шайлоо бийлик кун мурунтан тузгон сценарий менен отуп, шайлоо жыйынтыгы бийлик пландагандай болот" деп кашкайган чындыкты айткан эле. 2010-жылы бийлик атайылап "Бутун Кыргызстанды" Жогорку Кенешке откорбоду, президенттик шайлоо ири мыйзам бузуу, шайлоо жыйынтыгын бурмалоо менен отту. Эми кайра эле баары кайталанабы?!
+4
CEO
2017-06-06 17:00:16
Уландысы: Сиз эмнени озгорто аласыз, элдин копчулугу сизди бийликте коргусу келет бирок сиз кайра эле женилип калаарынызды билип турат (бийлик шайлоо жыйынтыгын ыплас жолдор менен бурмалап, керек болсо элди тундук-туштук, кыргыз-озбек деп болуп акыры оз адамын бийликке алып келет). Сиз кандай кадамдарга барасыз, чындык учун акырына чейин курошууго эркиниз, кучунуз жетеби же жарым жолдон кайтасызбы башкаларга окшоп?!!
+6
Edward.14
2017-06-06 18:43:16
CEO,Ото курч жана туура суроолорду берипсиз азаматсыз!
+4
bakulya2015
2017-06-06 17:03:55
Саламатсызбы Мадумаров Адахан аке. Сизге суроо. Эмне учун шайлоо убактысы келгенде мындай кылам,андай кылам дей бересиздер шайлоого чейин эле кылсаныздарда болотго сиз анчалыкка барбайсызбы? 2. Биримдикте ынтымактуу болуп сиз,Мырзакматов,Ташиев,Чубак Ажы,Торобаев,Ташиев баарыныздар бирге эле болсонуздар болбойбу? Андан сон биргелешип Текебаев Жапаровторду актап адилеттуу чыгарат элениздерда
+3
CEO
2017-06-06 17:11:54
bakulya2015, Мадумаров Ташиев, Мырзакматов, Жапаров менен биригип бир женден кол, бир жакадан баш чыгарып чалдын тогуз уулундай ынтымакта болсо жениш булар тарапта болмок. Ар бири озун эр коруп, саясий амбицияларынын курмандыктары болуп, биригип тил табыша албай, бугун бириксе эртен бир-бирин сатып кетип жатышат. Ошол учун да бийлик чалдын ынтымаксыз тогуз уулундай кылып бир бирден сабап кетуудо. Куч биримдикте деп бекер айтылбаган! Ал эми Торобаев менен Текебаев бул жерде ашыкча!
+10
bakulya2015
2017-06-06 18:25:05
CEO,Туура айтасыз. Бирок Торобаев дегенда жакшы иштейт экенго коп эле элге пайдасы тийип жатат экен иштерин жанылыктардан коруп каламда. Бул кишинин мен кылдым,мынтим,антим деп мактанбаганы жактыда тихий иштеп элге ишенет экен.
0
CEO
2017-06-06 20:15:14
bakulya2015, Торобаев да Бабанов же Чыныбай Турсунбеков сыяктуу бизнесмен-олигарх саясатчы. Жалал-Абадда ун заводу ж.б.бизнеси бар. Атасы бир убактар райондун энергетика тармагын жетектеп Акаев учурунда ЖК депутаты болгон. Уулунун бизнесине капиталды ошол жактан алса керек. МТС куруудан башка конкреттуу сунушу жок. Жалал-Абад шаардык кенешине анын "Онугуу" партиясы акчанын кучу менен келди, ЖК болгон сыяктуу эле, кыскасы менин жеке оюмда Торобаев элден жеке бизнесин жогору коет.
+3
Best.bakyt
2017-06-06 18:16:10
Позициясы жазгы кундой го чиркиндин саат сайын алмашып турат.
-6
matilla
2017-06-06 19:23:48
Эн ХХХ саясатчы
-5
admin_superstan
2017-06-07 10:11:30
matilla, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
+2
Nuura-shirin
2017-06-06 19:26:40
Адахан Кимсанбаевич Менин суйгонумо аябай окшош го чиркин
0
CEO
2017-06-06 23:02:40
Мадумаровко суроо: бир убактар Ташиев экоонор Мырзакматовду Ош шаардык кенешине шайлоодо колдоп бердинер эле. Кийин ал кишиге позицияныз озгорду, ал киши менен чатагым жок дегенге оттунуз. Эл Ташиев экоонорду бириккиле деп 6-7 жылдан бери какшап келет, ал экоонордун бириккенинерден болунгонунор тез. Мунун себеби эмнеде?! Эмнеге эл колдогон айрым саясатчылар биригип бир женден кол, бир жакадан баш чыгарууга дараметинер жетпейт?! Же элге ак кызмат кылуудан жеке амбициянар жогорубу?
+1
CEO
2017-06-06 23:08:21
Уландысы: Мен жеке озум Сизди Кыргызстандын президенти, Мырзакматов Окмот Башчы, С.Жапаров ЖК спикери, Чолпон Жакупованы Жогорку Сот торайымы, Ташиевди чек ара кызматынын жетекчиси кызматында коргум келет. Анткени ар биринер жондомунорго жараша маанилуу кызмат ордун аркалап элге ак кызмат кылып Кыргызстанды учурдагы саздан сууруп чыкса деген тилек. Куч биримдикте дейт. Жогоруда аты аталгандар да эл ишенген эл уул-кыздары, уламыштагы чалдын тентек 9 уулундай болбой бир муштум болуп качан биригеси
+5
CEO
2017-06-06 23:17:25
Жогоруда аты аталгандар да эл ишенген эл уул-кыздары, уламыштагы чалдын тентек 9 уулундай болбой бир муштум болуп качан биригесинер?! Болбосо элдин силерге умут артканы бекер! Жеке амбициянарды, жеке таарынычынарды унутуп бир муштум болуп, эл учун кызмат кылуу учун чогуу которулуп чыксанар эл силерди колдоп берет. Болбосо бийлик бириндетип "сындырып", коркутуп, жамандап отуруп кайра бийликке келет. Эл кыйналып кетти, тышта кыйналган мигранттар канча?! Элдин умутун актагыла, сураныч!
+6
Lekarstvosvoegomuja
2017-06-07 09:15:26
Койгулачы ушу Мадумарынарды. Эч жакпайт. Тили эле иштейт анан грубо суйлойт. Жини чукул киши.
-5
Gamze90
2017-06-07 13:39:45
Сиз бир жолу айттыныз эле комитет спосение Кыргызстана деп комитет тузуш керек деп ак уйдо 200 дон ашык адам олтуруп алып Кыргызстанды коргой албай жатат анан комитет тузулсо 10 го жакын адам ошолор куткарып калмак беле? Бир аз болсо да кененинек ойлонгулачы айланайын. Бийлике келгиче эле кокурок каккылабай...
-2
Gamze90
2017-06-07 13:44:23
Бироо айтты эле мен ушул айыл учун кооп нерсе кылгым келет бирок кылыш учун трибуна керек экен деп. Анысы кандай трибунага жеткиче эле баягы лапшалар. Ошол киши менин жердешим болот да. Эми бийлике жеткен сон унчуга эле 1 жылдай болдуго тобо дедим.
-3
tokmoktuk
2017-06-07 15:34:01
Саламатсыздарбы.Саламатсызбы Адахан Кимсанбаевич.Мен Кабенов Мирбек Токмок шаарынан Бутун Кыргызстан партиясынын мучосумун.Менин сурайын дегеним олкобуз бир чон бурулуш жасам ЕАЭБге мучо болуп кирдик амбициялуу кыялдар менен.Негизинен жакшы эле маанилуу ары кызыктуу жана керектуу кадам болгон.Бирок кайсы бир адамдардын жеке кызыкчылыгын коздогондой кумон калтырат.Дегеним анткени тапыр тупур кирдик да ары жагы тунгуюк кимден сурашты билбейсин.Ал эми шашкан Шайтандын иши дегендей коп мучулуштуктор
-1
admin_superstan
2017-06-07 17:03:25
matilla, CEO, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат. Эскертүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан