ЖЫЛНААМА, 5-ИЮНЬ: Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнүн күнү

1972-жылдан тартып БУУнун демилгеси менен жыл сайын 5-июнь күнү дүйнөдө айлана-чөйрөнүн күнү белгиленип келет. Бул күнү экологдор, жаратылышты коргоочулар өз иш-аракеттерине элдин көңүлүн бурдура алышат.

Айлана-чөйрөнүн күнүн майрамдоонун максаты - ар бир адамдын жүрөгүндө жаратылышка болгон сүйүүнү ойготуу. БУУнун курамына кирген көпчүлүк өлкөлөрдө бул дата кызуу белгиленет. Ал жаратылышка багытталган акция, концерт, жөө жүрүш жана башка иш-чаралар менен коштолот. Ошондой эле жаратылыш, суу ресурстарындагы көйгөйлөр талкууланып, маселелерди чечүү каралат.

Ар жылы бул дата атайын коюлган ураан менен өткөрүлөт. Ураандын аталышы жана негизги эл аралык иш-чаралар кайсы өлкөдө өтө турганы БУУнун өкүлдөрү тарабынан аныкталат. Буга чейин: "Бир гана Жер", "Суу - бул жашоонун булагы", "Биздин балдар үчүн бир гана келечек - кыйроосуз өнүгүү" жана башка ушул сыяктуу ураандар менен белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан