Кыргыз мамлекетинин "Электр станциялары" ишканасы орусиялык "Русгидро" компаниясынын кызыкчылыгын алдыга сүрөп жатат. Бул тууралуу 5-июнда энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев билдирип, Орусия компаниясынын мурдагы окуясын эскертти.
Умбеталиев 2016-жылы Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу келишими жокко чыгарылганын, бирок Каржы министрлиги "Русгидро" компаниясын Кыргыз жериндеги мамлекеттик сатып алуулар боюнча өткөн тендерге катыштырууга жол бергенин айтып жатат. "Русгидро" аталган ГЭСтерди курууну баштап аягына чыкпаган компания.
"Электр станциялары" ишканасы 2017-жылдын 9-мартында иштеп жаткан ГЭСтердин жабдыктарын оӊдоо иштерине тендер жарыялап, ага "Гидроремонт ВКК" компаниясы да катышкан. Бул компания "Русгидро" компаниясына караштуу ишкана. Сынактык комиссия билдирмелерди карап, "Гидроремонт ВКК" компаниясы квалификациялык талаптарга жооп бербейт деген жыйынтыкка келген. Бирок "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоев "Гидроремонт ВКК" менен келишим түзүү тууралуу өз алдынча, балким, жогору жактын кысымы алдында чечим кабыл алган", - дейт Умбеталиев.
Эксперт тендер боюнча чыр жаралганын эскертип, бул тендерде Кыргыз компанияларынын утуп чыгышы Кыргыз тарапка пайдалуу болорун белгиледи. Орусиялык компания аткарчу иш Кыргыз ишканаларынын деле колунан келет деген ишеничте.