Кечээ, 5-июнда Катар мамлекети менен араб өлкөлөрүнүн дипломатиялык байланышы үзүлгөндүгүнө байланыштуу айрым авиакомпаниялар белгисиз мөөнөткө чейин аталган мамлекетке барчу аба каттамын токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен маалымдалды.
“Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы жана Египет өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык байланыштардан тышкары жер, аба, деңиз каттамдарын да үздү. “Сауд авиакаттамы”, “Этихад” жана “Эмирейтс” авиакомпаниялары Катардын борбору Дохага учкан каттамдарын жүргүзүүнү токтотту. Бүгүн, 6-июндан баштап “Флай Дубай” аба компаниясы да Дубай-Доха-Дубай каттамын белгисиз мөөнөткө чейин токтоткондугун жарыялады. Бул маалымат “Флай Дубайдын” Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн да ырасталды”, - деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу министрлик жогоруда айтылган авиакомпаниялар аркылуу Катарга барууну мерчемдеп койгон жарандарды башка аба каттамдары аркылуу учууну эскертет.