КСДПнын эски активисттери президенттик жарышка альтернативдүү талапкер кылып Сагынбек Абдрахмановду чыгара турганын SUPER.KG порталына жеке булактар билдирген. Коомдук ишмер чын эле президенттик шайлоого катышканы жатканын тастыктады.
"SUPER.KG порталындагы сурамжылоодон биринчини алышым мага күтүүсүз болду. Таӊ калганым, ошондон бери "сүйлөшөлү" деп Ак үйдөн телефон чалып жатышат. Атүгүл "талапкер болушу мүмкүн" дегендер өздөрү телефон чалышты, өмүрү чалбаган чиновниктер чалып жатышат. Биз эми партиянын курултайына катышууга аракет кылып жатабыз, киргизбей коюшу да мүмкүн. Саясий кеӊешке кайдагы бир партияга салымы жоктор кирип алышты, ыза болосуӊ. Добуш берүүдө КСДПнын башка мүчөлөрүнөн алдыга чыгышым менен чет элден, өлкө аймактарына байланышка чыккан тааныштар көп болду. "Шайлоого аттаныӊыз, каржылык колдоо көрсөтөлү" дегендер да болууда. Азыркы учурда пландарды талкуулоо үстүндө иш жүрүүдө. Калганын убакыт көрсөтөт", - деди Абдрахманов.
Абдрахманов "ийгилик жылмайып калса 2 революциянын максатын ишке ашырууга аракет кыларын" кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, Сагынбек Абдрахманов мурда Чүйдүн губернатору, "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.