Депутат Айнуру Алтыбаева судьялыкка талапкерлерди калп тапкыч менен текшерүүгө каршы

Депутат Айнуру Алтыбаева судьялык кызматка талапкерлерди калп тапкыч аркылуу текшерүү демилгесин колдобой турганын айтты. Бул тууралуу депутат 6-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Анда судьяларды тандоодо полиграфиялык тесттен өткөрүү нормасы жазылган. “Мисалы, “сизге пара сунуштаса эмне кыласыз” деген суроо берилсе, нерви жукалар калтырашы мүмкүн. Мындай жол менен талапкерлерди текшерүү болбойт”, - деди депутат.

Мындан тышкары судьялыкка талапкерлердин телефонун кайсы орган тыңшай турганын жана 500 адамды кантип тыңшоого жетишерин сурады. Демилгечилердин бири депутат Алтынай Өмүрбекова тыӊшоо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ишке ашырыла турганын белгиледи.

Мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга артка кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан