Ош шаарындагы жолдун жээктерине мыйзамсыз коюлган соода түйүндөрү текшерүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, Ош шаарынын Достук аймактык кеңешине караштуу Курманжан датка, Мамажан көчөлөрүндө жайгашкан курулуштардын мыйзамдуулугу текшерүүгө алынды. Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү, архитектура, муниципалдык менчик башкармалыгы, ветеринардык жана фитосанитардык кызматы, тартип сакчылар, жол кайгуул кызматкерлери катышты.
"Рейддин жүрүшүндө 100гө жакын соода түйүндөрү текшерүүгө алынып, алардын ичинен 20 соода жайы жабылды. Мындан сырткары 30 соодагерге эскертүү берилди. Ошондой эле дүкөндөргө илинген баннерлер алынды. Тийиштүү кызматкерлерге жолдун жээгинде жайгашкан бардык соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугун текшерүү талабы коюлду", - деп айтылат маалыматта.