Үч өспүрүм изделүүдө. Алар чогуу үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз

Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылында жашаган бир туугандар, 12 жаштагы Рамазан Дүйшөнбеков, 9 жаштагы Тахмина Дүйшөнбекова жана 10 жаштагы алардын кошунасы Айгерим Сыдыкова эки күндөн бери дайынсыз болууда. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, алар 5-июнь күнү саат 18:30да үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келишкен эмес.

12 жаштагы Рамазан Дүйшөнбековдун өзгөчө белгилери - бою 120-125 сантиметр, чачы күрөң, оң көзүнүн алдында калы бар. Ал эми үстүнө кызыл түстөгү футболка жана кара түстөгү жынсы шым кийип жүргөн.

9 жаштагы Тахмина Дүйшөнбекованын өзгөчө белгилери - бою 110 сантиметр, көзү кара, чачы сары, чекесинде кичинекей тырыгы бар. Үстүнө ак футболка, юбка, бутуна кызыл бут кийим кийген.

10 жаштагы Айгерим Сыдыкованын өзгөчө белгилери - бою 120-125 сантиметр, кой көз, чачы күрөң. Үстүнө күлгүн түстөгү спорттук кийим жана көк түстөгү жынсы шым кийген.

Эгерде балдарды көрүп-билгендер болсо, Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 0312 43-01-27, 0312 43-88-85 телефондору аркылуу, Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 0312 60-79-89, 0550 88-87-24, 0701 50 27 03 телефон номурлары аркылуу кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
RusMos76
2017-06-06 18:03:33
эмне болду экен, аман табылып калышын тилейбиз.
+7
altyn2015
2017-06-06 20:00:40
Аман-эсен табылып калсын!
+5
Alixan-Nookat.2015
2017-06-06 20:36:36
Ээй кудайым аман эсен табылып калсын
0
aslan_akjol89
2017-06-06 22:13:27
Ооо Аллахым,эч бир жанды кейитпечи.Ар бир убактылуу кайгыны туболуктуу жакшылыгын менен суйунтчу.Бейкуноо наристелерди оз уйуно кайтышына озун жардам бере кор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан