Парламентте "Мегаком" компаниясын акционердик коомго айлантуу боюнча маселе көтөрүлдү

Бүгүн, 6-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде "Мегаком" компаниясын акционердик коомго айлантуу боюнча маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу кызматынын башчысы Санжар Муканбетов билдирди.

Муканбетов компаниянын акциясынын бир бөлүгүн фонддук рынокко сатса боло турганын айтты.

Жыйында акционердик коомдордун ишин кайрадан ыраатташтырууга жана миноритардык инвесторлордун укуктарынын корголушун жакшыртууга багытталган “Акционердик коомдор жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Сунушталып жаткан түзөтүүлөрдүн кабыл алынышы “миноритардык инвесторлордун укуктарын коргоо” индикаторлорун жана бул рейтинг боюнча Кыргыз мамлекетинин жалпы позициясын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан