Өзбекстанда президент Шавкат Мирзийоевге арналган ырларды ырдоого тыюу салынды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге арнап ыр ырдоого “Өзбекконцерт” мекемеси тыюу салды. Бул тууралуу Өзбекстандын басылмалары жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, “Өзбекконцерттин” жетекчиси Азамат Хайдаров айрым аткаруучулар өлкө президентинин ишине тиешелүү видеолорду, адабий нормаларга ылайык келбеген тексттерди колдонууда.

“Ырчылар ырдын клибин монтаждоо учурунда өлкө жетекчисинин ишмердүүлүгүнө таандык видеолорду колдонууда. Бул моралдык-этикалык нормаларга туура келбейт”,- деп билдирет Хайдаров.

Муну менен катар Өзбекстандын маданият министринин орун басары Минходжиддин Ходжиматов да аны колдоорун айткан. "Ырдагысы келген ырчылар өлкө, улут жөнүндө ырдашсын, эч ким аларга тыюу салбайт", - деген пикири менен бөлүшкөн ал.

Буга чейин 49 жаштагы киноактриса жана ырчы Дильфуза Исмаилова президент Шавкат Мирзийоевге арнап “Керемет жердин султаны ден соолукта болсун”, - деген ырды аткарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Tyty1990
2017-06-06 19:58:52
Диктатор өз ишин баштады.
-7
alhamdu
2017-06-06 21:21:51
Мен мактап ырдагандарга тыюу салды деп тушундум же андай эмеспи,скромничить эткен окшойт дегеним...
+13
pixduel1
2017-06-06 21:27:22
Жагыныш учун ырдап жаткандырда Юлдузга окшоп)) эл башын мактап же клиптерге кошкон анын рейтингин томондотуп салат, президент скромный , сурдуу, башы иштеген адам болуш керек кээ бироого окшобой)
+23
orun
2017-06-07 00:52:00
pixduel1,кее бироо дегенге биздин АША да кошулат.
+6
Alimedina
2017-06-06 21:54:49
Кошулам....
+4
bazar
2017-06-06 22:39:06
Биздин президен өзү ырдап берет керек болсо
+27
murat_ergeshov
2017-06-06 23:23:45
bazar, биздин ажо анча мынчасына жол бербейт ырдоо боюнча чыныгы талант...
+3
Azatbek83
2017-06-06 22:55:26
Туура кылат кошоматчылардш тыйып.Алар кошоматчы болушатко.Бизде мактап ырдаса эмгек синирген наам берет
+19
patrol-kg
2017-06-07 00:29:46
Биздин ажо озу чоон артистко.
+7
Nargiza1987k
2017-06-07 05:32:44
Эн туура кылыптыр
+3
aselushka
2017-06-07 08:39:11
Бизде да чектоо киргизсе жакшы эле, албарсты келгенский, басканский деген ырларды ырдабай калышмак беле.
+2
kenjebek_a
2017-06-07 10:16:51
Улут озбекстан жонундо ырдасын деп комментарий бериптир.Эн туура улутун даназалап ырдаш керек.Биздин чондор УЛУТУ деген созду ырдамак турсун чонтоктогу паспортко жазгандан коркушат.Башка элдер ырдагыла деп жатат.
+2
admin_superstan
2017-06-07 10:20:03
kychan.98, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
-1
aruuke9292
2017-06-08 15:51:28
ХХХ кошоматчылык боюнча биринчи да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан