Бүгүн, 7-июнда ырчы Гүлзат Батырканова көзү тирүү болгондо 44 жашка толмок.
Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Кыргыз Улуттук университетине тапшырып, журналистика факультетин бүтүргөн. Ырчынын репертуарындагы ырлары – "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө" жана башка. Акыркы мезгилде өлкөдөгү телеканалдардын бириндеги "Сармерден" шоу-программасында алып баруучу болуп эмгектенип жүргөн.
Гүлзат Батырканова 2015-жылдын 2-январында жол кырсыгынан каза болуп, сөөгү Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылына коюлган.
7-июндун жылнаамасы.