Чүй облусунун Панфилов районунун акими алмашты. Бул тууралуу 7-июнда Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Премьер Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Өмүр Ногоев ээлеген кызматынан бошотулду. Ал 2013-жылдын декабрынан баштап Чүй облусунун Панфилов районунун башчысынын милдетин аткарып келген.
Өкмөт башчынын башка буйругуна ылайык, Панфилов районунун башчылыгына Дамир Кулубаев дайындалды.
Дамир Кулубаев 1977-жылы туулган. 2015-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кеңешчиси болуп иштеген. Андан соң ушул убакытка чейин Чүйдүн Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болгон.