Дайынсыз болуп жаткан үч өспүрүм Өзгөндөн табылды

Чүй облусунун Панфилов районунда 12 жаштагы Рамазан Дүйшөнбеков, 9 жаштагы Тахмина Дүйшөнбекова жана 10 жаштагы Айгерим Сыдыкова 5-июндан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан. 7-июнда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат кызматы балдар Өзгөн районунан табылганын кабарлады.

Маалым болгондой, алар Өзгөн районундагы туугандарынын үйүнө кетип калышкан. Учурда балдардын ата-энелери Өзгөн районуна жөнөп кетишти. Рамазан Дүйшөнбеков менен Тахмина Дүйшөнбекова бир туугандар болушса, Айгерим Сыдыкова алардын кошунасы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Biinura
2017-06-07 11:03:21
Аллахка чексиз шугур. Аман-эсен табылышыптыр.
+5
Birimdik5555
2017-06-07 11:09:30
Ии мойтойгондор омурунор узун,келечегинер кен болсун. Кудайга чексиз шугур аман-эсен табылганынарга
+2
Pandora
2017-06-07 11:10:03
Чуйдон,Озгонго? кантип кетип калышты экен? Макул аман эсен табылганына кудайыма шугурлор болсун.
+5
-Dybala-
2017-06-07 11:23:51
Кошуна кызын экспертизага алып барыш керек!
Азыркы жаштарга ишенич жок!
-5
Leilektik
2017-06-07 11:31:29
-Dybala-,бул менен эмнени айтмакчысын,
-2
Kroxa
2017-06-07 11:37:57
Кантип?эмне менен барышты?? жаш балдарды озгонго кандай транспорт салып барды ошону жоопко тартыш керек коштогон чон адамдары жок алыс жолго алып кете беришеби???ата-энен кайда деп бир ооз сурабастан...бул жакта розыскка берип атышканын билет болду бекен??
+16
Gulim_zamujem
2017-06-07 12:30:43
Туугандары чалып айтып койбойбу биздин уйдо деп.
+5
raykray
2017-06-07 17:24:27
ото кыска тушунуксуз жанылыктар?! баарында тел бар, бир суткада ааламга жетет жанылык,Ким салып кантип салып кетти??! озгондо экенин жазгандан берида толуктап койсо болот супер!жансыз денеси табылган балдардыда экспертиза журуп жатат деген бойдон жок болот,
+2
Gupa
2017-06-07 18:59:35
Өзгөнгө кантип кетип калганы мага да суроо жаратты...
Кара-Балтада үч бала жоголуп, бүгүн эртең менен ички органдары жок ташталган үйдө табылыптыр деп сөз тарап кетиптир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан