1991-жылдан бери Бишкек шаарындагы бак-дарактардын саны 10 эсеге кыскарды. Мындай маалыматты белгилүү окумуштуу, эколог, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмил Шүкүров бүгүн, 7-июнда өткөн маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, шаардын калкынын саны көбөйүп жатканы менен, бак-дарактардын саны кескин кыскарууда. 1991-жылга чейин ар бир шаар тургунуна 30 чарчы метр жашыл бактуу аянт туура келсе, бүгүнкү күндө ар бир шаар тургунуна 3 чарчы метрлик жашыл аянт туура келет. Бул абал дем алуу органдарынын, онкологиялык оорулардын пайда болушуна алып келип, аллергиядан жабыркагандардын санын көбөйтүүдө.
"Мэриянын дарактарды кыюуда эч кандай документи жок. Алар бул даракты кый, муну кый деген ыкма менен иштеп жатышат", - дейт Шүкүров.
Жарандык активисттер жана шаар тургундары дарактардын кыйылышы менен Бишкек чоң жоготууга учурап жатканын айтып Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасашты.
"Мен Токтоналиев көчөсүндө жашайм. Биз жол куруудагы долбоорду көрсөтүү боюнча арызды мэрияга жазганбыз. Алар бизге долбоорду көрсөткөн жок. Ошондой эле дарактар кыйылбайт деп убада беришкен. Алар убадасын аткарбай коюшту. Эми биз Бишкек шаардык мэриянын үстүнөн Башкы прокуратурага жол куруу эрежеси бузулуп жатканын айтып арыз менен кайрылдык. Ошондой эле райондор аралык сотко да арыз жаздык. Калаа башчысы биз менен сүйлөшүп бир чечимге келишин күтүп жатабыз", - дейт Гүлнара Журабаева.
Кыйыла турган дарактарга атайын белги коюлуп жаткан. Ошондой белгилер Күрөңкеев көчөсүндөгү дарактарда да пайда болгону кабарланды.